Бишкекке Ирандан Кыргызстандын 16 жараны кайтып келди

3 августа 2020, 16:10

 2020-жылдын 3-августунда КР Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарабы менен биргеликте Иран Ислам Республикасынан 16 КР жаранын кайтарып келди.


 

«Биздин жарандар Тегеран шаарынан «Kish Airlines» иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишти, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды», — деп жазылат маалыматта. 

 

 Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын  жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.