«Керемет Банк» башкармалыгынын орун басары кызматтан кетти

9 сентября 2022, 10:45

"Керемет Банк" ААК башкармалыгынын орун басары Александр Рудаков өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Банктын Директорлор кеңеши 2022-жылдын 6-сентябрында Рудаковдун арызын канааттандырган.

Александр Рудаков 2022-жылдын 14-апрелинде "Керемет Банк" башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.