Баткенде бир млн төрт жүз миң сомдук аткезчилик жүк кармалды

11 ноября 2022, 17:00

Кечээ, 10-ноябрда Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары Баткен облусунун Кадамжай районундагы Күнгөй тилкесиндеги чек арада аткезчилик жол менен чыгарылып бара жаткан унааны кармады. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин басма сөз кызматы билдирди.  

Мамлекеттик чек ара тилкесинде жүк жүктөлгөн Hyundai Porter унаасы табылганы такталган. Унаанын ичинде коңшу мамлекеттин аймагына жүк ташып бара жаткан Кыргызстандын алты жараны болгон. 

Текшерүү учурунда чек ара кызматы 14 баштык аялдардын кийимдерин жана 41,6 миң даана “Цефазолин-Акос” медициналык препаратын тапкан. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, контрабандалык жүктүн баасы 1 миллион 450 миң сомдон ашты.