Кыргызстандан 500 миң$ болгон баалуу ташты алып бара жаткан жаран кармалды

17 сентября 2019, 12:00

КР Бажы кызматы “Манас” аэропортунан  11.6 кг салмактагы “Кызыл Кордун” табигый ташын алып бара жаткан А.у.Р. аттуу жаран кармалды. Кармалган товардын баасы 500 000 АКШ долларын түзөт.  Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

 

Бул факт Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча КРӨгө карашту ЭКККМга өткөрүлүп берилди.