Кыргызстандан чет өлкөгө 27% га көп каражат жөнөтүлө баштады

9 июля 2021, 13:30

Үстүбүздөгү жылдын май айында кыргызстандыктар чет өлкөгө 39 миллион доллар жөнөткөн, ушул жылдын апрель айына салыштырмалуу акчанын көлөмү 7,2 миллион долларга азайган. Бул маалыматтарды Улуттук банктан белгилүү болду. 

Негизги сумма Орусияга - 37,7 миллион доллар жөнөтүлгөн.

Жыл башынан бери тез акча которуу тутуму аркылуу 208,1 миллион доллар которулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу которулган каражаттын көлөмү 44,3 миллион долларга, же 27% көбөйгөн.