Кыргызстандан Өзбекстанга 75 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылышкан

14 апреля 2023, 13:21

Ошто чек арадан 75 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунан чет элдик валюта менен эки адам кармалган. Алар тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбаганы белгиленет.

"Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле КР улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык республиканын бюджетине 568 миң 230 сом (б.а. белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10%) кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчаласак, аталган токтом менен Кыргызстандан резидент эместерге жана чет элдик жарандарга 5 миң доллардан ашык, ал эми өлкөнүн резиденттери менен жарандарына 10 миң доллардан ашык суммадагы накталай чет өлкө валютасын Кыргызстандан алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.