Уюлдук операторлор өлкө бюджетине канча төлөштү жана кайсынысы лидер?
Жыл башынан бери Кыргызстандын уюлдук операторлору салык бюджетине 1,2 млрд. сомдон ашык акча которду. Бул маалыматты Каржы министрлигине таандык “Ачык бюджет” порталы жарыялады.
Эң чоң салым, дээрлик 66% же 790,9 млн. сом казынага Кыргызстанда О! бренди менен белгилүү болгон “Нуртелеком” ЖЧКсынан түшкөн.
“Ачык бюджет” порталынын маалыматы боюнча, “Альфателеком” ЖАКсы (MEGA) жана “Скай Мобайл” ЖЧКсы (Beeline) — 261 млн. 989 миң сом жана 152 млн. 738 миң сом салыктарды кыйла аз төлөгөн.
Кабардар болуңуз! Биздин телеграм каналыбызга жазылыңыз.