Пандемиядан улам мамлекеттик бюджетке 5 млрд сом түшпөй калган

27 января 2021, 16:30

2020-жылы пандемиядан жана чек аралардын жабылышынан улам мамлекеттик бюджетке 5 млрд сом түшпөй калган. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев президенттин м.а. Талант Мамытов менен болгон жолугушууда билдирди. 

 

 

Ошондой эле финансы министри мамлекеттик тышкы карызды өз маалында төлөө боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. 

Белгиленгендей, 2020-жылы тышкы карызды төлөөгө 225 млн доллар сарпталган. 

Кошумчалай кетсек, Мурда алынган кредиттерди төлөөнүн жогорку чеги 2025-2029-жылдарга туш келет. Бул мезгилде төлөмдөрдүн өлчөмү жылына 400 млн доллардан ашуун суммага жетет.