Ишкерлер: Даттануулардан улам текшерүүлөр дайыма болуп турат

27 сентября 2021, 12:50

Үч айдын ичинде президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңешке 19 кайрылуу-билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен жети арыз бизнестен, 12 арыз жарандык сектордон деп билдирди мекемедегилер.

Кеңеш белгилегендей, эгерде мамлекеттик органдар бизнеске эч кандай текшерүү жүргүзбөөгө аракет кылышса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде, (Бишкек мэриясы) үй ээлеринин бирикмелеринин арыздарынын негизинде мүмкүн болгон кызматтардын чексиз текшерүүлөрү бир нече жолу жүргүзүлөт.

Бизнес өкүлдөрү негизинен салык органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, мамлекеттик органдардагы бюрократияга даттанышат. Ошондой эле, билдирүүлөрдө бизнес милициянын, прокуратуранын жана соттун аракеттерин жана аракетсиздигин, ошондой эле жылдар бою созулган соттук териштирүүлөрдү көрсөткөн.