Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонддору 44,7 миллион сомго толукталды

8 декабря 2020, 15:40

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддору 44,7 миллион сомго толукталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Анын ичинен 33.5%  Садыр Жапаровдон түшкөн. 5.2 млн сомду микрокредиттик компаниянын жетекчиси Бабур Төлбаев которгон.

Калган 18 талапкерден түшкөн каражат 1,1 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин.

 

Каражаттын ушул күнгө коротулган суммасы 26.3 млн сомду түздү.