ААК «Электрдик станцияга» башкы директор дайындалды

11 декабря 2020, 14:30

ААК «Электрдик станциянын» директорлор кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 4-декабрында ААКтын директору болуп Кубатбек Камбаралиев дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат. 

Буга чейин Кубатбек Камбаралиев эки жыл бою мекеменин ички аудит кызматынын жетекчиси болуп иштеген.