«Кыргыз энергетикалык эсептешүү борборуна» жаңы жетекчи шайланды

2 ноября 2022, 09:45

“Кыргыз энергетикалык эсептешүү борборунун” жалгыз акционеринин чечими менен жаңы башкы директор, ошондой эле анын орун басары шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Башкы директор болуп Бапа Жаныбеков шайланды, ал эми Тилебалды Жаныбаев башкы директордун калктуу конуштар боюнча биринчи орун басары “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ААК башкы дирекциясынын мүчөсү болду.

Кошумчалай кетсек, чечим 28-октябрда кабыл алынган.