Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пунктунун иш графиги өзгөртүлдү

15 декабря 2022, 17:37

“Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттарынын иш графигине айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрынан тарта аталган өткөрүү пункттары күн сайын ишемби жана жекшемби күндөрү иштейт.

“Ошол эле учурда “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү гана алып өтүүнү караган атайын алгоритмге ылайык иштейт”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.