ЕАЭБде товарларга декларация толтуруу тартиби өзгөртүлдү

28 декабря 2022, 09:04

Бажы алымдарын төлөөдө жеңилдиктерди администрациялоону жөнөкөйлөтүү, ошондой эле товарларга карата декларацияда төлөм графаларын толтурууну жөнөкөйлөтүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы товарларга декларацияны толтуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. . Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.

Өзгөртүүлөр бажы алымдарын төлөө жана пайыздарды жана айыптык санкцияларды эсептөө боюнча жеңилдиктер каралган учурларда товарларга декларациянын 44 жана 47-графаларын толтуруунун өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү, ошондой эле товарларга карата декларациянын 47-графасында бажы алымдарын, салыктарын эсептөө жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө жатпай турган учурларды толуктайт.

Эске салсак, товарларга декларацияны толтуруу тартиби Бажы биримдигинин комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы No257 чечими менен бекитилген.