Кыргызстандагы «Халык банкта» директорлордун курамы өзгөрдү

24 июля 2021, 11:00

Кыргызстандагы “Халык банктын” директорлорунун курамы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кезексиз жалпы жыйында Ануар Ержанов директорлордун көз карандысыз мүчөсү болуп шайланды.

Ал буга чейин Казакстандагы “МЕТРОКОМБАНК” АК башкармалыгынын мүчөсү, башкармалыктын төрагасынын орун басары кызматтарын аркалап келген.