«Дос-Кредобанктын» башкармалыгынын курамы өзгөрдү
Кыргыз фондулук биржасы “Дос-Кредобанк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын курамына өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Тактап айтканда, “Дос-Кредобанктын” директорлор кеңешинин 2021-жылдын 7-декабрындагы чечими менен Асел Омоева 24-декабрдан тартып директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Такталгандай, Омоева өз каалоосу менен арыз жазган.