«ФинансКредитБанкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду
«ФинансКредитБанкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз биржа фонду билдирет.
ААК «ФинансКредитБанк» билдиргендей, 2019-жылдын 25-ноябрындагы директорлор кеңешинин чечими менен, Мая Жусупова башкаруу мүчөсүнун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин бухгалтердик эсепке алуу жана отчет башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.