«Борбор Азия Капитал Банкында» кадрдык өзгөрүүлөр болду
«Борбор Азия Капитал Банкынын» акционерлери башкаруу тармагына жаңы кадрды дайындашты. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунда маалымдалат.
Банктын башкаруу кызматынын милдетине Азамат Чекиров дайындалды.
Ачык маалыматтарда, Азамат Чекиров буга чейин «Дос-Кредобанктын» борбордук филиалында директорлук кызматты аркалаган.