«Улуттук электр тармактарынын» директорлор кеңеши курамын өзгөрттү

17 мая 2023, 10:19

Ушул айдын 13-майында “Улуттук электр тармактары” ААКсынын Директорлор кеңешинин чечими менен анын курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Ушул жылдын 12-майынан тартып “Улуттук электр тармактары” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Кожобек Рыспаевдин ыйгарым укуктары токтотулду. Ал берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган.