«Керемет Банктын» директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду

25 октября 2021, 09:12

"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, берилген арызга ылайык, Мария Аденова 20-октябрда ачык акционердик коомдун директорлор кеңешинен кеткен.

Мария Аденова 2018-жылдын октябрынан бери "Керемет Банктын" директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетти жетектеген жана аудит боюнча комитеттин мүчөсү болуп иштеген.