ААК «Кыргызалтында» кадрдык өзгөрүүлөр болду

14 января 2021, 09:01

ААК «Кыргызалтындын» 11-январдагы кезексиз жыйынында директорлор кеңешинин мүчөсү Айбек Матиевдин ишмердүлүгүн, берилген арызга ылайык,  токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат. 

 

 

 

Маалыматка ылайык, Матиевдин ордуна Жыргалбек Балтаев дайындалган. 

Ачык булактарда, Жыргалбек Балтаев 2011-2014-жылдары жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы, ААК «Кыргыз-Таштын» жетекчиси болуп иштеген жана учурда «БАМ» ААКтын негиздөөчүсү болуп эсептелинет.