«Электрдик станция» ишканасында кадрдык өзгөрүүлөр болду

2 февраля 2021, 11:30

«Электрдик станция» ишканасынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеев ээлеген кызматынан 1-февралда бошотулду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

 

Маалым болгондой, Жолдошбек Ачикеев кызматтан оз каалоосу менен кеткен. 

Анын ордуна башкы директордун орун басары Таалайбек Бектенов убактылуу дайындалды. 

Белгиленгендей, Ачикеевбул кызматта 2020-жылдын 27-февралынан тарта иштеп келген.