«Керемет Банктын» директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду

27 сентября 2023, 11:04

"Керемет Банктын" директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду. Маалым болгондой, Нурдин Самаков аталган каржы мекемесинин директорлор кеңешинин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, Нурдин Самаковдун кетишине өзүнүн чечими себеп болгон. Ал 20-сентябрда өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.