«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын курамы өзгөрдү

3 июня 2021, 09:20

"Кыргызалтын" ААКтын директорлор кеңешинин жыйынында Азамат Алиевди директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотуп, башкармалыктын төрагасынын коопсуздук жана жергиликтүү калк менен иштөө боюнча орун басары кызматынан да алуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, мындай чечим "Кыргызалтын" ААКтын башкаруу аппаратынын түзүмүн оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынды.