«Бишкексүт» ишканасынын директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү

3 мая 2023, 12:18

“Бишкексүт” ишканасынын директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Ошентип, акционерлердин 27-апрелдеги чечими менен компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү Александр Кашин менен Татьяна Корзундун ыйгарым укуктары токтотулду. Башка чечим менен мүчөлүккө Максим Михайлов, Наталья Поликарпова, Миргүл Адиева, Татьяна Захарова жана Артем Романов шайланды.