«Евразия сактык банкынын» директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды

30 марта 2023, 15:15

"Евразия сактык банкы" ААКнын акционерлеринин 25-марттагы жылдык жалпы чогулушунун күн тартибинде 11 маселе каралды.

Эң негизгилердин бири банктын уставдык капиталын көбөйтүү, ошондой эле банктын беш кишиден турган директорлор кеңешинин бекитилиши болду.

Алсак, акционерлердин чечими менен директорлор кеңешинин курамына Азаматбек Абдыбеков, Азамат Акматов, Динара Арзибаева, Нурлан Исабеков жана Нурдин Лайлиев кирди.