Израилде соңку окуяларда жабыркаган кыргызстандыктар жок

9 октября 2023, 13:10

Израилде соңку окуяларда жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.

Белгиленгендей, элчилик израилдик расмий мекемелер жана ал жактагы кыргызстандыктар менен байланышта. Расмий маалыматка ылайык, Израилде жашаган кыргыз жарандарынын саны 38, консулдук каттоодо 9 адам турат.

Эске салсак, Израилде согуштук абал жарыяланды.