Чүй облусундагы акиташ кени аукционго коюлду

18 мая 2021, 12:10

Энергетика жана өнөр жай министрлиги Чүй облусундагы "Карагайлуу-Булак" акиташ кенинин батыш бөлүгүн аукционго койду. Аукциондун шарттары мекеменин расмий сайтында жарыяланган.

Объекттин баштапкы баасы 5,7 миң доллардан башталат. Аукциондун жеңүүчүсү геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугуна ээ болот.

Аукцион ушул жылдын 7-июлунда болот.