«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандардын саны азайды

19 января 2023, 17:45

Быйыл жыл башына карата 16 жашка чейинки балдары бар, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 5,7%га кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жардам алгандардын азайышы аз камсыз болгон калкты колдоо боюнча иш-чаралардын, анын ичинде электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүү менен байланыштуу. 

"Өткөн жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жөлөк пул түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4903,3 миллион сом төлөдү. Жөлөк пулдун орточо өлчөмү 52,2%га өсүп, ар бир балага 1316 сомду түздү”,-деп айтылат маалыматта. 

Кошумчалай кетсек, учурда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун 339,1 миң бала алат. Бул республикада жашаган 2,4 миллион баланын 13,9%ын түзөт.