Жалал-Абад: Балдар үчүн шаар бюджетинен 283 миң сом бөлүндү

1 июня 2020, 15:15

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаадагы Ак-Бермет балдар үйүнүн, психоневрологиялык балдар мекемесинин тарбиялануучуларына барып, белектерди тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, шаар башчысы 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, окууларына ийгилик жана кең келечек каалады. Соңунда аталган жайлардагы балдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Калаадагы Ак-Бермет үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө 7 бала камкордукка алынган. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген психоневрологиялык балдар мекемесинде 92 бала тарбияланат.

Белгилей кетсек, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен жалпы 283 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 35 миң сому балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына берилсе, ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 496 балага 500 сомдон тапшырылды.