Жалал-Абад жана Баткен облустарында алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз сатып жаткандар кармалышты

21 февраля 2020, 16:30

Мамлекеттик салык кызматкерлери, Финансы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Жалал-Абад облусунда алкоголдук продукцияларды ар түрдүү ат менен, эч кандай лицензия жок, сатып жаткандарды аныкташты.  

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы соода түйүнүндө 2 миң 973 даана арак, Кадамжай районунда 561 даана арак издөө иштеринде табылган. 

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.