«Жалалабатэлектр» ишканасы кышка карата даярдыктарды улантууда

22 октября 2020, 16:00

«Жалалабатэлектр» ишканасы кышка карата даярдыктарды улантууда.

Аталган ишкананын басма сөз кызматы ак-дарактардын бутагын бутоо аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан жагдайларды жокко чыгарат.

 

 «Көк-Арт район электр тармактар ишканасынын карамагында 10 кВ аба чубалгылардын көлөмү 85 чакырымды түзөт, ал эми 0,4 кВ 129 чакырымдан турат. Күз-кыш айларына карата даярдыктар энергетиктер үчүн эрте жаздан башталат, антпесе тейлөөнүн аянты абдан эле чоң. Көк-Арт район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери Октябрь айылындагы жол жээгиндеги бийик бак-дарактарды бутап жатышат. Антпесе катуу шамал, ошондой эле суу аралаш кар жааганда, дарактардын бутактары ийилгенде же сынса электр чубалгыларга тийип, кыска чыңалууну жаратып электр энергиясын үзгүлтүккө учуратат», - деп айтылат маалыматта.

 

Ишканадан кошумчалашкандай, бийик дарактарды бутоо үчүн атайын техника тартылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, аба чубалгы менен дарактардын аралыгы 10 чакырымды түзүшү керек.