Жалал-Абадда көмүрдүн баасы 489 сомго, Покровка айылында 300 сомго арзандаган

7 февраля 2020, 16:30

Улуттук статистикалык комитет, республиканын 18 калкты тейлөө борборунда сатылып жаткан көмүрдүн бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүп турган. 

2020 - жылдын 6 - февралындагы көмүрдүн орточо баасы республика боюнча, 2020 - жылдын  январь айына салыштырмалуу 102,3 сомго же 2,3 пайызга арзандаган. 

2020 - жылдын 6 - февралындагы жыйынтык менен көмүрдүн бир тоннасына болгон жогору баа Ноокат шаарында ( 7 миң 500, 08 сом), Баткен шаарында (7 миң 140,04 сом), Исфанада - 6 миң 493, 07 сом жана Кара-Сууда - 6 миң 245 сом. 

Буга ылайык, көмүрдүн бир тоннага болгон эң кымбат баасы Талас шаарында - 527,86 сом, Өзгөн шаарында - 281,81 сом, Токмок шаарында - 235,07 сомго катталган. Муну менен катар, көмүргө болгон баанын төмөндөшү Жалал-Абад шаарында - 489,89 сомго жана Покровка айылында - 300 сомго катталган.