Жалал-Абад облусунун медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрүнө 2.5 млн сом бөлүндү

12 марта 2021, 12:15

Жалал-Абад облусунун медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрүнө 2.5 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында маалымдалат. 

 

Компенсациялык төлөмдөрдү жалпысынан 227 медицина кызматкери алды. Белгиленгендей, дарыгерлердин басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунан тартылган. 

Кошумчалай кетсек, төлөмдөр жети облустун саламаттык сактоо уюмдарына бөлүнүп берилди.