Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы арзандады

11 декабря 2019, 15:30

Ушул жылдын 9-декабрынан тарта Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Күбөлүктү алмаштыруу, алуу боюнча арыздарды кабыл алуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, буга чейинки (эски үлгүдөгү) айдоочулук күбөлүктөрдү мөөнөтү аяктаганча колдонууга болот. Аларды алмаштыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ошол эле учурда 2019-жылдын 10-июнунан тарта бериле баштаган жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу «убактылуу» деп аталган күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу керек.

Жаңы үлгүдөгү күбөлүк мурдагыдан сапаттуу болуп, анда 20дан ашык коргоочу элементтер бар. Аны менен бирге жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдүн баасы арзан болот.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, учурда бланктардын сатып алынган баасы мурдагыдан дээрлик 9 эсе арзан болуп, 100,86 сомду түзгөн.

«Эскерте кетсек, мурдагы контракттын шарттары боюнча айдоочулук күбөлүктүн бланктарынын баасы акыркы 8 аралыгында 12 евро (орточо курс боюнча 920 сом) болуп келген. Бланктардын сатып алынган баасы арзандагандыктан (12 евродон 100 сомго чейин) күбөлүктүн баасын да арзандатууга болот», - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Болжол менен күбөлүктүн наркы мурдагыдан 44%га арзан болот.