Кыргызстандагы өзгөчө коргоого алынган жаратылышка келген туристтердин саны өсүүдө

5 марта 2020, 12:45

2019-жылы Кыргызстандын  өзгөчө коргоого алынган аймактарына барган чет элдик туристтердин саны көбөйдү. Бул тууралуу мааылымат жыйында Мамлекеттик курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары Надырбек Козуев билдирди.

Аталган убакыт аралыгында айтылган жерлерге барган чет элдик туристтердин саны 2018-жылга салыштырмалуу 5 миң 796 адамга көбөйгөн.

Белгиленгендей, өзгөчө коргоо алдынагы жаратылыш аймактары дагы кеңейген. Азыркы учурда аталган аймактардын жалпы аянты 1 млн 476.1 миң гектарды же Кыргызстандын жалпы аймагынын 7.38 пайызын түзөт.