Бишкекти кооздоо үчүн 2,5 млн сомго жасалгалар сатылып алынат

13 декабря 2019, 09:41

«Бишкек жарыктандыруу» муниципалдык ишканасы жаңы жылдык жасалгаларды сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, пландалган сумма 2 млн 450 миң сомду түзүп, конкурстук өтүнмөлөрдү 17-декабрга чейин калтырууга болот.

Балаты жасалгаларына 4 миң метр дюралайттар жана 11 миң метр жарык диоддуу гирляндалар сатылып алынат.