КР жасалма 30 миң евро акчаны сатып жаткан жаран кармалды

22 января 2020, 13:37

Түркиядан Кыргызстанга ири суммадагы жасалма акча алып келүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Аталган кызмат чет жактан жасалма акча ташып келип саткандарга каршы атайын операция жүргүзүп, жасалма 30 миң еврону сатып жаткан жаранды кармашты.

«Факты боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. Кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.