Жакында жасалма дем алдыруучу аппарат жана 13 тез жардам унаасы алынат

10 июля 2020, 16:10

Жакында жасалма дем алдыруучу аппарат жана 13 тез жардам унаасы алынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан 9 млн доллар каражаты бөлүнгөн.

 

«Тендер өткөрүлүп, 6 млн 126 миң 598 долларга келишим түзүлгөн. Анда жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек, 17 багыттагы медкаражаттар жана 13 тез жардам унаасы 15-июлда алынат», - дейт ал.

 

Исмаилова кошумчалагандай, ЮНИСЕФ тарабынан 835 миң 485 долларга жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу жүрүүдө.