Жеенбаева: Мен өзүмдү мыйзамдуу министр катары эсептейм

8 октября 2020, 17:45

Кыргызстандагы акыркы окуяларга байланыштуу министрликтерде жана мамлекеттик компанияларда кадрдык өзгөрүүлөр болду. Жеке адамдар өзүм билемдик менен, мыйзамсыз жогорку кызматтарды ээлеп алууга чейин барышты. Анын ичинен финансы министрлигинин мурдакы кызматкери Кыялбек Мукашев дагы өзүн Жеенбаеванын ордуна министр болгондугун билдирген. 

Бүгүн, 8-октябрда аталган министрликтин айрым кызматкерлери Жеенбаеваны компетенттүү эмес деп айыптап, ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. 

«Акчабар»  ведомстводогу соңку окуялар тууралуу Бактыгүл Жеенбаева менен ачык маек курду.