Коронавирус менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 174.5 млн доллар которулган

5 мая 2020, 17:20

Республикалык бюджеттин чыгашаларынын кыскарышы социалдык төлөмдөргө таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу 5-майда каржы министри Бактылгүл Жеенбаева президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.
 

Андан сырткары министр коронавирус менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 174.5 млн доллар которулганын кошумчалады. 

Эске сала кетсек,  29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин берген маалыматы боюнча,  чет мамлекеттерден Кыргызстанга келип түшкөн жардамдын суммасы 120.8 млн долларды түзгөн.