Бактыгүл Жеенбаева Финансы полициясына суракка чакыртылды

22 октября 2020, 13:00

Мурунку финансы министри Бактыгүл Жеенбаева Финансы полициясына суракка чакыртылды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасы өздүк булактарга таянуу менен жазып чыкты. 

Белгиленгендей, сурак сот өкүлчүлүгүнүн борбору тарабынан акча каражаттарын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки процесстин алкагында жүргүзүлөт.

Жеенбаева бул иш боюнча күбө катары сурак берет. 

Эске салсак, кечээ, мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы финансы полициясына суракка чакыртылган болчу.