Кыргызстандагы социалдык төлөмдөр 27% -12% төмөндөтүлөт

27 февраля 2019, 14:53

Жеңил өнөр жай ишканаларында социалдык төлөм  27% ден 12% чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков аймакты өнүктүрүү улуттук диалогунда жарыялады. 

Ал өкөдө бизнести өнүктүрүүгө  кандай аракеттер жасалып жатканын билдирди.

«Бизнестеги негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу максатында мамлекеттик текшерүүчү органдарга эки жылга мораторий киргизилди. Жаңы ачылган ишканалар текшерүүдөн бошотулат» — деп айты мамлекет башчы. 

Жээнбеков жергиликтүү ишканаларга,  айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө  КНС 80% эле төлөп, 20% жеңилдетүү берилди. 

Соода логистикалык-борборлорго, МТС жана айыл чарба кооперативдери үчүнкиреше салыгынан женилдик каралып, КНС менен мүлк салыгы дагы жеңилдетилип жатат.

« Экспорттук потенциалды жогорулатуу максатында  азыктарды сертификациялоо жана стандартташтырууга багытталган жаңы лаборатория  ишке кирүүдө. Дотациялык аймактагы өнөр жай ишканалары  беш жылдан он жылга чейин киреше, сатуу, жер жана мүлк салыктарынан бошотулган. Ал эми техникалык жабдыктарды импортоп келген ишкерлер бажы салыгынан бошотулууда», — деп белгиледи КР президенти. 

Ошондой эле, Жээнбеков учурда жеңил өнөр жай тармагы үчүн социалдык төлөмдү  27% дан 12%  түшүрүү тууралуу иш жүрүп жатканын айтты. 

«Өкмөттүн токтому чыккан.Эми атайын мыйзам кабыл алуу зарыл» — деп билдирди ал.