Жеңилдетилген насыяны 968 ишкер алды

8 сентября 2020, 11:30

«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы аркылуу 968 ишкер насыя алышты. Коммерциялык банктардан жалпысынан ишкерлер тарабынан 1.3 млрд сом насыя алынган. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат. 

 

Жалпы насыялардын ичинен 24.3 пайызы Чүй облусундагы 236 ишкерге берилген. 

Кошумчалай кетсек, бул программанын алкагында коммерциялык банктар тарабынан 2.4 млрд сомго насыя берилген.