Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары кызматтарынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү судьялар бошотулду:
— Кузьменко Сергей Иванович — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;
— Жоробекова Айнагүл Мамаюнусовна — Нарын шаардык сотунун судьясы;
— Кадырова Адинахан Сулеймановна — Ош шаардык сотунун судьясы.