Жерүйдү калыбына келтирүү иштери башталды

4 декабря 2020, 11:00

Жакынкы күндөрү Жерүй кени боюнча «Алтын Альянстын» жетекчилери менен жергиликтүү коомдун өкүлдөрү  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин аянтчасында жолугушушту. Учурда Жерүйдү калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу Тоо-металлургия профсоюзунун басма сөз кызматы билдирди. 

Профсоюздан белгилешкендей, жакынкы күндөрү «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧК, «Фулл Голд Майнинг» ЖЧК, «Каз Минералс» ЖЧК жана башкалар менен конфликтти жөнгө салуу жана ишти баштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Октябрдагы башаламандыктан кийин 5 миңге жакын кенчилер жана металлургдар ишин башташа элек. 

Белгилей кетсек, «Эти Бакыр Терек-Сай» ишин токтоткондон бери, бюджет ай сайын 1.5 млн доллар жоготууга учуроодо.