Кыргызстандын 500дөн ашуун ишкери JIA EXPO көргөзмөсүнө катышты
Кечээ, 24-февралда Бишкекте жыл сайын өтүүчү JIA EXPO көргөзмөсүнө учурдагы кырдаал боюнча ойлору, позитивдүү тажрыйбалары менен бөлүшүү жана пикирлештерди табуу максатын көздөгөн, республиканын ар кыл аймактарынан келген жүздөн ашуун ишкер катышты. Аталган көргөзмөнү “JIA ишкерлер ассоциациясы” уюштурду.
Ассоциациянын берген маалыматы боюнча, иш-чарага 500дөн ашуун ишкер жана экономиканын ар кыл тармактарынан 50дөй компаниянын өкүлдөрү катышты.
“Биз ассоциация катары ишкерлер менен бир нече багыттарда иш алып барабыз. Биринчи кезекте аларга маалыматтык жактан колдоо көргөзүп, мамлекеттик органдардын алдында кызыкчылыктарын коргойбуз. Экинчиден, ишкерлерге алар таанышып, формалдуу эмес жагдайда баарлашып, маалымат алмаша алуусу үчүн жана да жаңы кардарларды таап, ири келишимдерге кол коё алышы үчүн аянтчаларды түзүп беребиз”, - деди JIAнын аткаруучу директору Фархад Пакыров.
“Ишибиздин натыйжалуугу бизге жогору карай өсүүдөн жана берилген баалардан улам билинүүдө. Мындай иш-чараларды уюштурган сайын катышууну каалагандардын саны арбып жатат. Учурда көргөзмөгө жаңы компаниялардын 20дан ашуун стенддери коюлду” – дешти уюштуруучулар.
“JIA EXPO – бул мүмкүнчүлүктөрдүн аянтчасы. Ал ишкерлер бирин-бири колдоого ала турган жер. Тажрыйбалар менен бөлүшө алуу, жолдоштук чөйрөдө кардар же инвестор издөөнүн өзү кандай сонун!” – деп жыйынтыктады JIAнын аткаруучу директору.