2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашасы 765 млн сомду түзгөн
2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашасы – 765 млн сомду, президенттин аппаратынын чыгашасы – 151.5 млн сомду, өкмөттүн чыгашасы – 207.6 млн сомду, президенттин жана өкмөттүн админстрациясы – 641.6 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
Ведомстводон белгилешкендей, чыгашалар бир гана айлык акыга эмес, аталган мекемелердин чарба иштерине дагы жумшалган.
Андан сырткары, мамлекеттик маанидеги чыгымдарга 2019-жылы 481.1 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен чыгашалар:
- экс-президенттерге — 800 миң сом;
- мамлекеттик сыйлыктарга — 8.1 млн сом;
- саммит өткөрүүгө — 472.1 млн сом.
«2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашасы 1 млрд сомду, ал эми президенттик аппараттыкы 1.5 млрд сомду түздү деген маалымат чындыкка дал келбейт. 2019-жылы президенттик аппаратка, өкмөттүн аппаратын жана президенттин жана өкмөттүн администрациясын каржылоого бюджеттен 1 млрд 481.8 млн сом бөлүнгөн», — деп билдиришти финансы министрлигинен.