Жогорку Нарын ГЭС каскадын ирандык ишкана курушу мүмкүн

20 февраля 2020, 15:00

«Гидроэнергетика. Борбор Азия жана Каспий 2020» Эл аралык конгрессинин жүрүшүндө Iran Water&Power Development Co ишканасынын чет элдик долбоорлор офисинин жетекчиси Шахрам Жалали Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна кызыктар экендигин билдирди.

Tractebel Engineering GmbH-ENGIE ишканасынын бизнести өнүктүрүү боюнча жетекчиси Роман Воробьевдун айтымында, каскадды куруу долбоору көп ишканаларды кызыктырат. Ошондуктан долбоорду реализациялоо үчүн ирандык Iran Water&Power Development Co ишканасы менен Улуттук энергохолдинг ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек.

«Биз кызматташууга олуттуу көз караштабыз, бирок анын баардыгы өкмөт менен иш алып баруудан көз каранды. Түшүнгүбүз боюнча, ал жерде Улуттук энергохолдинг менен орус ишканасы ортосунда түшүнбөстүктөр бар. Көйгөйлөр чечилери менен биз долбоор тууралуу маалымат чогултуп, балким, аны инвестициялайбыз. Эгерде орус тарап менен сүйлөшүүгө мүмкүн болсо, аны дагы вариант катары карайбыз»,-деди ал.