Жогорку соттун судьялары шайланды

19 июня 2020, 09:20

Жогорку Кеңештин  18-июнундагы жыйынында депутаттар  Жогорку соттун судьяларын шайлоо боюнча маселени карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, КР Жогорку сотунун судьялык кызматына Күмүшбек Жоомартовдун, Нурланбек Атаназаровдун, Инара Гилязетдинованын, Нурмамбет Эшалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш Күмүшбек Жоомартовду, Нурланбек Атаназаровду, Инара Гилязетдинованы, Нурмамбет Эшалиевди Жогорку соттун судьялыгына шайлады. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, шайланган судьялар Жогорку Кеңеште ант беришти.